Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Кеңештин мүчөлөрүн шайлоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 23.10.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2013 года № 90
1. Кеңештин мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер билим берүү, илимий, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдардан көрсөтүлөт.
Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билими жана массалык-маалымат каражаттарында, бейөкмөт уюмдарда, чыгармачыл союздарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болушу зарыл.
2. Төмөндөгүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:
мамлекеттик кызматта турган адамдар; расмий кызмат ордун ээлеген же саясый партиянын штатында турган адамдар; Корпорациянын же башка берүүлөрдүн кызматкерлери; ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарында шайлануу жолу менен кызмат ордун ээлеген адамдар; берүү же телекоммуникация чөйрөсүндө кызматта турган, ушул тармактан эмгек акы алган же аларга карата тикелей жана кыйыр финансылык кызыкчылыктары бар адамдар.
3. Президент Жогорку Кеңешке 10 талапкерди сунуш кылат. Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет.
Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет. Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл союздар, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) өзүнүн сунушун жазуу жүзүндө Жогорку Кеңештин профилдик комитетине киргизет. Комитет сунушталган талапкерлердин арасынан жогоруда аталган критерийлер боюнча тандоо жолу менен 10 талапкерди тандап алат, алардын ичинен Жогорку Кеңеш рейтингдик добуш берүү жолу менен 5 талапкерди бекитет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда Кеңештин курамына талапкерлерди көрсөтүү Жогорку Кеңеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Добуш берүүнү даярдоону жалпыга маалымдоо каражаттары компетенциясына кирген Жогорку Кеңештин профилдик комитети жүзөгө ашырат.
Талапкерди көрсөтүү жана аларды бекитүү ачык өтөт. Комитет талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2013 года № 90 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5 талапкерди бекитет. кошулду: Парламенттик оппозициядан талапкерлердин бири да Кеңештин курамына өтүү үчүн добуштардын жетиштүү санын албай калган учурда, Кеңештеги бир орун парламенттик оппозициянын добуштардын көбүрөөк санын алган талапкерине берилет. Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл союздар, … тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт. кошулду: (КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 11-январындагы № 1236-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү…Постановление · 11.01.2017 · № 1236-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-январындагы №1539-V "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү…Постановление · 26.01.2012 · № 1539-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-февралындагы № 2256-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кенешинин курамын бекитүү…Постановление · 21.02.2018 · № 2256-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы № 2689-VI "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.11.2018 · № 2689-VI
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203513/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>