1-берене
Күчүн жоготкон · 19.10.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 октября 2013 года № 195.
«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
9-пунктта «, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан» деген сөздөр «белгиленген формадагы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 10-пунктта «өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана» деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Энергетикалык сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
3. 6-беренеде:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 4-бөлүктө: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын иштеп чыгуу;»; 6-пунктта «бекитүү жана» деген сөздөр алып салынсын.
4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизациялоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.».
5. 10-берененин 4-бөлүгүндө «бир нече жолу» жана «ажыратылышы мүмкүн» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «үч жолу» жана «ажыратылат» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 12-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203506/st-1" title="1-берене - "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>