КР «»Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-10-19.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР 2013-жылдын 19-августундагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-октябры № 194
«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1040-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
9-пунктта «, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан» деген сөздөр «белгиленген формадагы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 10-пунктта «өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана» деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-берененин 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Энергетикалык сертификаттын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
3. 6-беренеде:
1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 4-бөлүктө: 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын иштеп чыгуу;»; 6-пунктта «бекитүү жана» деген сөздөр алып салынсын.
4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында аткарылган иштердин сапатына мониторинг имараттардын энергетикалык сертификаттарын жана (же) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетторду экспертизациялоо жолу менен жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.».
5. 10-берененин 4-бөлүгүндө «бир нече жолу» жана «ажыратылышы мүмкүн» деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша «үч жолу» жана «ажыратылат» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 12-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 18.10.2013 · № 194
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндөЗакон · 26.07.2011 · № 137