476-статья. Курулушу жаңы бүткөрүлгөн объекттин жана кыймылсыз
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
мүлк объекттерин өзгөртүүнүн ылайыктуулугун оң баалоосуз объектти пайдалануу
Курулушу жаңы бүткөрүлгөн объекттин жана кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүнүн ылайыктуулугун оң баалоосуз объектти пайдалануу - белгиленген тартипте анын ылайыктуулугу баалаганга чейин объектти пайдаланууну токтото туруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
22. 477-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" жана "элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "отуз" жана "жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - бузууларды четтеткенге чейин курулушту токтото туруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
23. 479-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"479-статья. Лицензиясыз, адистин сертификатысыз архитектуралык жана курулуш ишин милдеттүү сертификаттоодон өтпөгөн курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды колдонуу менен ишке ашыруу
Лицензиясыз, адистин сертификатысыз архитектуралык жана курулуш ишин милдеттүү сертификаттоодон өтпөгөн курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды колдонуу менен ишке ашыруу, - ишти токтото туруу менен жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - бузуу табылган учурга белгиленген жумуштарды өндүрүүгө чыгымдардын наркынын жыйырма пайыз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
24. 480, 481, 483-486-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
25. 508-статьянын 1-бөлүгү "454," санынан кийин "464, 466-468," сандары менен толукталсын; "481" саны алып салынсын.
26. 511-статьянын алтынчы абзацында ", 214-статьянын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр алып салынсын.
27. 516-статьянын 1-бөлүгүндө "85-1," саны алып салынсын; "211-215" сандары "211-213, 215" сандарына алмаштырылсын.
28. 525-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдар ушул Кодекстин 453, 455-463, 469, 471, 474, 475, 477, 479-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.".
29. 534-1-статьяда "465," саны алып салынсын.
30. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын отуз төртүнчү абзацында "476" санынан мурда "454," саны менен толукталсын, ", 481" саны алып салынсын.
31. 625-статьяда:
аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "625-статья. Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жөнүндө токтомду аткаруу
Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) чечими жөнүндө токтом сот (судья) же Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш органы (кызмат адамы) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынат."; 3-бөлүгүндө "калыбына келтирүү" деген сөздөр "калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
476-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203504/st-476" title="476-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>