Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
467-статья. Курулушка жер участокторун бөлүү тартибин бузуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кызмат адамы тарабынан курулушка жер участокторун берүү тартибин бузуу - жер участогун берүү жөнүндө чечимди кийин жокко чыгаруу менен эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
17. 468-статьянын экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. 468-1-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
19. 469-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"469-статья. Кызмат адамдары тарабынан объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттарды берүүнүн тартибин бузуу
Кызмат адамдары тарабынан объекттерди долбоорлоого архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттарды берүүнүн тартибин бузуу, - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
20. 471-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жетимиш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - адисти сертификатынан ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
21. 474-476-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"474-статья. Куруу процессинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу
Сапатсыз курулуш продукцияларын чыгарууга алып келген курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу, - жол берилген бузууну четтетүү менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - жол берилген бузууну четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203504/st-467" title="467-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>