Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 27-статьянын 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)".
2. 28-статьянын 2-пункту "токтото туруу" деген сөздөрдөн кийин "объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 30-статьянын 5-бөлүгүндө "жыйырма" жана "жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)
Иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган учурда, табылган бузууларды четтеткенге чейин иштин ушул түрү токтотула турушу мүмкүн, объект алгачкы калыбына келтирилиши же объект же болбосо анын бөлүгү бузулушу (демонтаждалышы) мүмкүн.".
5. 214-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 287-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "жөнөтүү," деген сөздөн кийин "сатуу," деген сөз менен толукталсын.
7. 452-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 454-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"454-статья. Объекттерди мыйзамсыз куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте уруксат албастан объекттерди куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү, - объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 455-статьяда:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - объектти анын алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызматтык жана юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 456-статьяда:
статьянын аталышында жана биринчи абзацында "кайра пландаштыруу" деген сөздөр алып салынсын; экинчи абзацында "жыйырма" жана "жүз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүү" жана "жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 457-статьянын экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "элүү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 458-статьянын экинчи абзацында "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 462-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"объектти алгачкы калыбына келтирүү же объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) менен эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
14. 463 жана 464-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"463-статья. Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, туруктуулугунун, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо
Жаңыдан салынуучу жана реконструкциялануучу имараттардын жана курулмалардын бекемдигинин, ишенимдүүлүгүнүн, сейсмикалык туруктуулугунун белгиленген деңгээлин жана алардын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүн камсыз кылбоо - объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) жана кетирилген бузууларды күнөөлүү жактардын эсебинен четтетүү менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин ошол эле аракеттер бир жылдын ичинде кайра кайталанса, - жол берилген бузууларды четтетүү жана лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу менен жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203504/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>