Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 22-статьянын биринчи бөлүгү "өрткө каршы кызматынын" деген сөздөрдөн кийин ", баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 191-статьянын экинчи абзацында "бирге" деген сөз "бештен жыйырмага" деген сөздөр менен, "экиден бешке чейинки" деген сөздөр "ондон жүзгө чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгүндө "91-1" санынан кийин "91-2" саны менен толукталсын.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 511-1-статья менен толукталсын:
"511-1-статья. Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган
Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 91-3-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза-чараларды салууга баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын борбордук аппаратынын баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыктарынын начальниктери укуктуу.".
5. 564-статьяда:
1-пункту "аңчылык эрежелерин бузганда" деген сөздөрдөн кийин ", сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө -" деген сөздөр менен толукталсын. төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: "8-1) сатып өткөрүү максаты жок, көп эмес өлчөмдөгү баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдаганда, сатып алганда, сактаганда, ташыганда же жөнөткөндө - баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары;".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203477/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>