32-берене. Өндүрүштүк радиациялык контроль
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 8-глава
1. Иштерин иондуу нурлануунун булактары менен жүзөгө ашырган уюмдар, ошондой эле табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция өндүргөн жана өндүрүштүк нурлануусунун дозасы 2 мЗв/жылдан кызматкерлери бар уюмдар радиациялык коопсуздуктун камсыз кылынышы үчүн өндүрүштүк контроль жүргүзүшөт.
2. Уюмдагы радиациялык кырдаалды мүнөздөөчү бардык жөнгө салынган чоңдуктар тууралуу, персоналдын, бейтаптардын, калктын нурлануу дозалары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле алынган чоңдуктардын гигиеналык ченемдерге ылайыктуулугун баалоо өндүрүштүк радиациялык контролдун мазмуну болуп саналат.
3. Өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы анын өзгөчөлүктөрүн жана аткарылуучу иштердин шарттарын эске алуу менен ар бир уюм үчүн аныкталат жана саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат. Уюм үчүн белгиленген өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасы (регламенти) көзөмөлдүн натыйжасына ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга тийиш.
4. Иондуу нурлануунун техногендик булактарын урунуу пландаштырылган уюмда өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүү программасын долбоорлоо баскычында иштелип чыгылат. Долбоордун "Радиациялык контроль" бөлүмүндө радиациялык контролдун түрлөрү жана көлөмү, зарыл приборлордун, көмөкчү жабдуулардын тизмеси, алардын жайгашуусу, контроль жүргүзүү программасы, зарыл жайлардын курамы, ошондой эле радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин штаты аныкталат.
Радиациялык объектти эксплуатациялоого киргизүүдө долбоордо аныкталган өндүрүштүк радиациялык контроль жүргүзүүнүн программасы конкреттүү радиациялык кырдаалга жараша такталат.
5. Өндүрүштүк радиациялык контролду жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары ушул Техникалык регламенттин талаптарын бузуулар табылганда радиациялык булактар менен иш жүргүзүүнү токтотуп турууга укуктуу.
6. Иондуу нурлануу булактарын колдонуу менен иштеген уюмдардагы жана табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү 740 Бк/кг ашкан минералдык чийки заттардан же материалдардан продукция даярдоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлеринин иондуу нурлануунун табигый булактарынан өндүрүштүк нурлануусунун дозасы жылына 2 мЗв ашкан уюмдардагы өндүрүштүк радиациялык контролдун натыйжалары ар жыл сайын уюмдардын радиациялык-гигиеналык паспортторуна жазылат жана радиациялык кырдаалды баалоо, контролдук деңгээлдерди белгилөө, калктын нурлануусунун дозаларын азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын натыйжалуулугун баалоо үчүн пайдаланылат.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-32" title="32-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>