25-берене. Табигый радионуклиддер камтылган өндүрүштүк калдыктарды
Күчүндө · 29.12.2011 редакциясы · 5-глава
урунууда коюлуучу талаптар
1. Алардын натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү табигый радионуклиддерди камтыган өндүрүштүк калдыктардын потенциалдуу радиациялык коркунучтуулугунун негизги мүнөздөмөсү болуп саналат.
2. Натыйжалуу салыштырма активдүүлүк - бул табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүктөрүнүн төмөнкү формула боюнча эсептелип чыгарылган ченелген суммасы:
Аэфф = FRa + 1,3 х АTh + 0,09 х АK,
мында: АRa жана АTh - салыштырма активдүүлүк тийиштүүлүгүнө жараша 226Ra жана 232Th уран жана торий катарларынын калган мүчөлөрү менен радиоактивдүү тең салмакта турушат, андыктан; АK - салыштырма активдүүлүк 40К.
3. Алардагы табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгү боюнча өндүрүштүк калдыктардын төмөнкүдөй классификациясы белгиленет (3-таблица):
3-таблица
| Калдыктардын категориялары | Табигый радионуклиддердин натыйжалуу салыштырма активдүүлүгү, кБк/кг |
|---|---|
| I категория | 1,5ге чейин кошо |
| II категория | 1,5тен 10го чейин кошо |
| III категория | 10,0дөн ашык |
4. I категориядагы калдыктарды өндүрүштүк шартта урунуу радиациялык фактор боюнча чектөөсүз жүзөгө ашырылат.
II категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунуу пландаштырылган мүнөздөмөнү жана аларды андан аркы пайдаланууну эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, ташуунун, кайра иштетүүнүн жана көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун натыйжалуу нурлануусунун дозасы 100 мкЗв/жылына ашпоосу тийиш. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунуу төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды урунуу үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
5. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды урунууда пайдалануучу ишкана тарабынан аларды урунуунун тартиби иштелип чыгат, мында аларды топтоонун, убактылуу сактоонун, кайра иштетүүнүн, ташып жеткирүүнүн жана көмүүнүн шарттары жана ыкмалары белгиленет.
Өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан бекитилет.
6. Табигый радионуклиддерди арбын камтыган өндүрүштүк калдыктарды урунуунун тартиби алар менен жашап турган чөйрөнүн объекттеринин белгилүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоосу жана калктын опурталдуу топторунун нурлануу алышын чектөө боюнча ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылышы керек.
7. I категориядагы өндүрүштүк калдыктарды радиациялык фактору боюнча чектөөсүз өнөр жай калдыктарынын таштандыларында көмүү жүргүзүүгө жол берилет.
II категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү атайын жабдылган аянттарда аткарылат. Көмүүнүн технологиясы калдыктарды изоляциялоонун пландалган бүткүл мөөнөтүндө ушул Техникалык регламенттин талаптарынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүү төмөнкү активдүүлүктөгү радиоактивдүү калдыктарды көмүү үчүн белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн объекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлүүчү объекттердин мамлекеттик реестрине киргизилет.
8. II жана III категориядагы өндүрүштүк калдыктарды көмүүнүн технологиясы 100 мкЗв/жылдан ашык эмес көмүүнүн эсебинен калктын опурталдуу тобунун жылына натыйжалуу нурлануусунун дозасын камсыз кылууга тийиш.
9. Ишканаларды өндүрүштүк калдыктарын алардагы пайдалуу компоненттерди чыгарып алуу максатында кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксаты менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 29.12.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203468/st-25" title="25-берене - Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>