1-берене
Күчүндө · 25.11.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жыл, 5-июль, № 54) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 58-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине төмөнкүдөй мазмундагы ант берет: "Мен ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин.". Ант Президент тарабынан мамлекеттик тилде берилет. Президенттин ант берүү аземи республикалык телекөрсөтүү жана радио боюнча алып берилет.".
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203461/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>