Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 25-ноябры № 221 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2011-жыл, 5-июль, № 54) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 58-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине төмөнкүдөй мазмундагы ант берет: "Мен ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, элибиздин биримдигин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коопсуздугун сактоого ант беремин.". Ант Президент тарабынан мамлекеттик тилде берилет. Президенттин ант берүү аземи республикалык телекөрсөтүү жана радио боюнча алып берилет.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.