1-берене
Күчүндө · 18.11.2011 редакциясы
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьянын үчүнчү абзацындагы "дене боюндагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-статьянын бешинчи абзацындагы "дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (майыптарды)" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 19-статьяда:
аталышында жана 1-бөлүктө "Дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптардын)" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. статья төмөндөгүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат.".
4. 36-статьянын 3-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203459/st-1" title="1-берене - "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>