Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-30.
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-ноябры № 215 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 44-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.".
2-берене.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2005-ж., № 2, 91-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "28-статья. Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөө
Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат. Муниципалдык кызматчынын эмгегине акы төлөөнүн бирдиктүү тутуму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кызматтык маянадан жана үстөк акылардан турган эмгек акыны камтыйт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматтык маяналарга башка да үстөк акыларды жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген төлөмдөрдү (материалдык жардам, дарылоо каражаттарды, турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөө жагынан жеңилдиктерди) белгилей алат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Каракол шаардык кеңешинин 2013 жылдын 09 апрелиндеги № 26-10/2 "Каракол шаарынын 2013-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2014 - 15 жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 26-10/2
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын 2014-жылы 5-мартындагы №7 «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга түзүлүшү жана 2015-2016-жылдарга болжолу…Постановление · 05.03.2014 · № 7
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 712 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 18.12.2014 · № 712 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон