1-берене
Күчүндө · 26.07.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2010-жылдын 2-февралы, № 7) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "52100857,2", "65666052,1" жана "5046923,2" деген сандар тийиштүү түрдө "51474670,9", "67759543,9" жана "2526560,0" сандар менен алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "13565194,9" деген сандар "16284873,0" деген сандар менен алмаштырылсын; 3-бөлүгүндөгү "13565194,9" деген сандар "16284873,0" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. 5-берененин 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацта "6299282,7" деген сандар "4213792,4" деген сандар менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацта "13291374,8" деген сандар "8617195,3" деген сандар менен алмаштырылсын.
3. 7-беренеде:
1-бөлүктөгү "450000" деген сандар "377500,0" деген сандар менен алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын: "Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналардын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан жалпы билим берүү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 2010-жылдын 1-сентябрынан баштап бир окуучуга бир күнгө 10 сом эсебинде белгиленсин.".
4. 11-беренеде "219289,2" деген сандар "259228,8" деген сандар менен алмаштырылсын.
5. 13-берененин 1-бөлүгүндөгү "4112635,6" деген сандар "4062182,8" деген сандар менен алмаштырылсын.
6. 14-берененин 1-бөлүгүндөгү "820081,7" деген сандар "947481,7" деген сандар менен алмаштырылсын.
7. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Бишкек, Ош жана Нарын шаарларынын мэриялары электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу пайдаланылбаган турак жай субсидияларын республикалык бюджетке кайтарууну камсыз кылышсын.".
8. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-берене менен толукталсын:
"19-1-берене.
Коомдук уюмдарды, чыгармачыл бирликтерди, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттарды каржылоо өздүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөрү белгиленсин.".
9. 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4, 5 жана 6-тиркемелер ушул Мыйзамдын
1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4, 5 жана 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
Берененин тексти 26.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203384/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>