9-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.
Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарды албаганда) төмөнкү топторго бөлүнөт:
- күйбөөчү - абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Күйбөөчү заттар өрт-жарылуу коркунучуна ээ болушу мүмкүн (мисалы, кычкылдандыргычтар же суу, абадагы кычкылтек же бири бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруучу заттар);
- кыйындык менен күйүүчү - тутануу булагы таасир эткенде абада күйүүчү, бирок тутануу булагы четтетилгенде өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;
- күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүчү, ошондой эле тутануу булагы четтетилгенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктардан оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топтор бөлүнөт, алардын буулары өрт коопсуздугу боюнча ченемдик актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.
Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүн сыноо усулдары атайын техникалык регламент менен белгиленет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-9" title="9-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>