10-берене. Курулуш жана текстиль, булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Курулуш, текстиль жана булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.
2. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучу төмөнкү касиеттер менен мүнөздөлөт:
- күйгүчтүгү;
- жалындагычтыгы;
- үстүңкү бетинде жалындын таралуу ылдамдыгы;
- түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
- күйүү продукттарынын уулуулугу.
3. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары күйүүчү (К) жана күйбөөчү (КБ) болуп бөлүнөт.
Курулуш материалдары эксперимент жолу менен аныкталуучу күйгүчтүк параметринин төмөнкү маанилеринде күйбөөчүлөргө кирет: температуранын жогорулашы - 50 Цельсия градусунан, үлгүнүн массасын жоготуусу - 50%дан көп эмес, туруктуу жалындап күйүүсү - 10 секунддан көп эмес. Көрсөтүлгөн параметрлердин жок дегенде бир маанисин канааттандырбаган курулуш материалдары "күйүүчүлөр" классына кирет. Күйүүчү курулуш материалдары төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- начар күйүүчү "К1" (түтүндүү газдардын температурасы 135 Цельсия градусунан кем же барабар, сыналуучу үлгүнүн узундугу боюнча бузулуу деңгээли 65%дан кем же барабар, массасы боюнча бузулуу деңгээли 20%дан кем же барабар, өз алдынча күйүү узактыгы - 0 Цельсия градусу);
- жай күйүүчү "К2" (түтүндүү газдардын температурасы 235 Цельсия градусунан кем же барабар, узундугу боюнча бузулуу деңгээли 85%дан кем же барабар, сыналуучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу деңгээли 50%дан кем же барабар, өз алдынча күйүү узактыгы - 30 Цельсия градусунан кем же барабар);
- нормалдуу күйүүчү "К3" (түтүндүү газдардын температурасы 450 Цельсия градусунан кем же барабар көп, узундугу боюнча бузулуу деңгээли 85%дан көп, сыналуучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу деңгээли 50%дан кем же барабар, өз алдынча күйүү узактыгы - 300 Цельсия градусунан кем же барабар);
- күчтүү күйүүчү "К4" (түтүндүү газдардын температурасы 450 Цельсия градусунан көп, узундугу боюнча бузулуу деңгээли 85%дан көп, сыналуучу үлгүнүн массасы боюнча бузулуу деңгээли 50%дан көп, өз алдынча күйүү узактыгы 300 Цельсия градусунан көп).
4. Күйгүчтүгү "К1" - "К3" топторуна кирген материалдар үчүн сыноодо эритиндинин күйүп жаткан тамчыларынын пайда болушуна жол берилбейт.
5. Күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жалындагычтыгы боюнча жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугуна жараша төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- кыйындык менен жалындоочу "В1" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу 35 кВт/кв.м кем же барабар);
- жай жалындоочу "В2" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу 20дан 35 кВт/кв.м чейин кем же барабар);
- оңой жалындоочу "В3" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу - 20 кВт/кв.м кем).
6. Үстүңкү бети боюнча жалындын таралыш ылдамдыгы боюнча күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугуна жараша төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- таралбоочу "РП1" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу 11 кВт/кв.м жана көп);
- начар таралуучу "РП2" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу - 8ден, бирок 11 кВт/кв.м көп эмес);
- жай таралуучу "РП3" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу - 5ден 8 кВт/кв.м көп эмес);
- күчтүү таралуучу "РП4" (жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугу - 5 кВт/кв.м кем).
7. Түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү боюнча күйүүчү курулуш материалдары түтүн пайда кылуу коэффициентинин маанисине карата төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- түтүндү аз пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "Д1" (түтүн пайда кылуу коэффициенти - 50 кв.м/кг көп эмес);
- түтүндү орточо пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "Д2" (түтүн пайда кылуу коэффициенти - 50дөн 500 кв.м/кг чейин);
- түтүндү күчтүү пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү "Д3" (түтүн пайда кылуу коэффициенти - 500 кв.м/кг көп).
8. Күйүү продуктуларынын уулуулугу боюнча күйүүчү курулуш материалдары ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 2-таблицасына ылайык төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- аз коркунучтуу (Т1);
- орточо коркунучтуу (Т2);
- жогорку коркунучтуу (Т3);
- өзгөчө коркунучтуу (Т4).
9. Өрт коркунучунун класстары курулуш материалдарынын өрт коркунучунун тобуна жараша ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 3-таблицада келтирилген.
10. Килем сымап полго төшөгүчтөр үчүн күйгүчтүк тобу аныкталбайт.
11. Текстиль материалдары жалындагычтыгы боюнча оңой жалындоочу жана кыйындык менен жалындоочу болуп бөлүнөт.
Эгер сыноодо төмөнкү шарттар аткарылса, кездеме (токулбаган кездеме) оңой жалындоочу материал катары классификацияланат:
- үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүртөн күйгүзүп сыноодо жалындап күйүү мезгили 5 Цельсия градусунан ашыкты түзсө;
- үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн күйгүзүп сыналганда четтерине чейин калбай күйүп кетсе;
- пахта кебези сыналуучу үлгүлөрдүн кайсынысында болсо да күйөт;
- үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн же четинен күйгүзгөндө үстүнүн дүрт этиши от койгон чекиттен 100 ммден көп аралыкка таралса;
- үлгүнүн кайсынысы болбосун үстүнөн же четинен күйгүзгөндө көмүргө айланган жеринин орточо узундугу 150 ммден көптү түзсө.
12. Материалдарды классификациялоо үчүн жалындын таралуу индексинин маанисин (I) - материалдардын (заттардын) жалындоо, үстүңкү бет боюнча таралуу жана жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү шарттуу өлчөмсүз көрсөткүч колдонулууга тийиш.
Жалындын таралышы боюнча текстиль материалдары төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- үстүңкү бети менен жалын таратпоочу (жалындын таралуу индекси 0гө барабар);
- үстүңкү бети менен жалынды жай таратуучу (жалындын таралуу индекси 20дан көп эмес);
- үстүңкү бети менен жалынды ылдам таратуучу (жалындын таралуу индекси 20дан көп).
13. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучунун классификациялык көрсөткүчтөрүн аныктоо боюнча сыноо усулдары атайын техникалык регламент менен белгиленет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-10" title="10-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>