82-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн коргоочу атайын кийимдерине коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Коргоочу атайын кийимдер (жалпы арналыштагы, жылуулуктун таасиринен коргоочу жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер) өрт өчүрүүчүлөрдү зыяндуу таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш. Бул учурда коргоо деңгээли маанилери өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына ылайык белгиленүүчү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлүүгө тийиш.
2. Коргоочу атайын кийимдерге колдонулган материалдар жана конструкциялык аткарылышы кийимдин ичине от өчүрүүчү заттардын киришине тоскоол болууга жана кийимди шашылыш чечүү мүмкүнчүлүгүн, дем алуу аппаратынын баллонундагы басымды көзөмөлдөөнү, маалыматты (добуштук, көрүнүүчү же атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен) кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
3. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдердин материалдары жана конструкциялык аткарылышы изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим кийип иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуучу ашыкча аба басымын кийим ичинде кармап турууга тийиш.
Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө колдонулуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим адамдын терисин жана ички органдарын агрессиялуу жаңа (же) радиоактивдүү заттардан коргоону камсыз кылууга тийиш. Радиациялык-кооптуу объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө колдонулуучу изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим мындан сырткары адамдын жашоосу үчүн маанилүү органдарын иондоштуруучу нурлануудан коргоону камсыз кылууга тийиш. Бул учурда энергиясы 2 МэВ болгон бета нурлануу (нурлануу булагы Sr90) менен сырткы нурлануунун азаюу коэффициенти 150 кэВден кем эмес, энергиясы 122 кэВ болгон гамма-нурлануу (булагы Со57) менен сырткы нурлануунун азаюу коэффициенти 5,5 кэВден кем эмес болууга тийиш.
4. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдин массасы өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-82" title="82-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>