81-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары дем алууга жарамсыз жана көздүн былжыр челин дүүлүктүрүүчү чөйрөдө иштегенде өрт өчүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууга тийиш.
2. Дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, маанилери өрттө авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдарды куткаруу жана өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу тактикасына ылайык аныкталуучу эргономикалык көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүгө тийиш.
3. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттары бет каптын алдындагы боштукта адамдын дем алуу процессинде ашыкча басымдын кармалып турушун камсыз кылууга тийиш.
4. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттарынын коргоо мезгили (өпкөдө абанын айлануусу 30 л/мүнөт болгондо) 1 сааттан, кычкылтектик-изоляциялоочу аппараттардыкы 4 сааттан кем болбоого тийиш.
5. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттарынын конструкциялык аткарылышы дем алуучу аралашмасы бар баллонду жана регенерациялык патронду тез алмаштырууну (атайы аспаптарды колдонбостон) кароого тийиш.
6. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарын колдонуу, техникалык тейлөө жана оңдоо өрт өчүргүчтөрдүн эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Өрт өчүрүүчүлөрдү коргоо үчүн дем алуу органдарынын чыпкалоочу таасириндеги жеке коргоо каражаттарын колдонууга тыюу салынат.
8. Кычкылтектик дем алуу аппараттарын жогорку жылуулуктун таасиринен коргоочу атайын кийимдер жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер менен бир комплектте колдонууга тыюу салынат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-81" title="81-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>