74-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин келип чыгышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында от өчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу объекттин (имараттар менен курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбой турган чөйрөнү түзүүнү камсыз кылууга тийиш.
3. Үстүнө жиберүү жолу менен өрт өчүрүү от өчүрүүчү заттарды корголуучу аянтка жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар менен курулмаларда жана ачык аянтчаларда өрттүн пайда болушуна жана (же) күйүүчү материалдардын жарылуусуна алып келбөөгө тийиш.
5. Башка талаптар ушул продукцияга тиешелүү стандарттар менен аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
74-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-74" title="74-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>