73-берене. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары бири бири менен, ошондой эле алар менен бирдикте аракеттенүүчү башка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.
2. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттарынын ортосундагы байланыш линиясы өрт болуп жатканда өрттү табуу, эвакуация жана эвакуациянын мезгилинде, ошондой эле башка техникалык каражаттарды башкарууга зарыл убакыт жөнүндө сигнал берүүгө зарыл болгон мезгил ичинде алардын иштешин камсыз кылууга эсептелип аткарылууга тийиш.
3. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларын башкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана белгилүү объекттин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары алар өз функциясын аткарып жаткан мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш.
5. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон жол берилген чектик деңгээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тийиш, бул учурда алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объекттеги техникалык каражаттарга терс таасир тийгизбөөгө тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-73" title="73-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>