54-берене. Имараттарга жана курулмаларга киши өтүүчү жолдор, машина өтүүчү жолдор жана подъезддер
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Машина өтүүчү жолдорду долбоорлоодо өрт автомобилдеринин жакын келишин төмөнкүдөй камсыз кылуу зарыл:
узата кеткен эки тарабынан - адамдардын туруктуу жашашына же убактылуу келип кетишине арналган, бийиктиги 28 метрге чейин жеткен имараттарга; бардык тарабынан - арналышына карабастан бийиктиги 28 метрден ашкан имараттарга жана окутуу жүргүзүлүүчү, мектепке чейинки балдар мекемелеринин имараттарына, стационары бар дарылоо мекемелеринин имараттарына, оюн-зоок жана маданий агартуу мекемелеринин, илимий жана долбоорлоо уюмдарынын, башкаруу мекемелеринин имараттарына. Өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына бүткүл узундугу боюнча өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз кылынууга тийиш: бир тарабынан - имараттын же курулманын туурасынын кеңдиги 18 метрге чейин болгондо; эки тарабынан - туурасынын кеңдиги 18 метрге чейин болгондо, ошондой эле туюк жана жарым-жартылай туюк короолордун курулушунда. Имараттарга өрт автомобилдеринин бир гана тарабынан жакын келиши төмөнкү учурларда каралат: ушул берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөнгө караганда имараттын кабаттары аз болгондо; квартиралары же жайлары эки тараптуу жайгашса; бири-бири менен байланышкан кабаттардын лоджиялары менен балкондорун өз ара байланыштырган тышкы тепкичтер курулган болсо же коридорлуу пландалган имаратта 3-типтеги тепкичтер бар болсо. Курулуш аянты 10 га же туурасынын кеңдиги 100 метрден көп болгон имараттарга өрт автомобилдеринин бардык тарабынан жакын келиши камсыз кылынууга тийиш. Имараттар менен курулмаларга өрт техникасы бурула алгыдай аянтчалуу туюк жолдор салынган жана ошол аянтчага өрт гидранттары курулган шартта автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен өндүрүш имараттары менен курулмаларынын четки дубалына чейинки аралыкты 60 метрге чейин узартууга жол берилет. Мында имараттардан жана курулмалардан өрт техникасы бурулуучу аянтчаларга чейинки аралык 5 метрден кем эмес жана 15 метрден ашык эмес, ал эми туюк жолдордун аралыктары 100 метрден ашпоого тийиш. Өрт техникасы үчүн жолдордун кеңдиги 6 метрден кем болбоого тийиш. Имараттын негизги подъездине баруучу өрткө каршы машина өтүүчү жолдун туурасынын жалпы кеңдигине подъездге кирүүчү тротуарды кошууга жол берилет. Подъезддин ички четинен имараттын дубалына чейинки аралык төмөнкүдөй болууга тийиш: 5-8 м - бийиктиги 28 метрге чейинки имараттар үчүн; 8-16 м - бийиктиги 28 метрден ашкан имараттар үчүн. Бул зонада тосмолорду жайгаштырууга, электр берүүнүн абадагы линияларынын болушуна жана бак-дарактарды отургузууга жол берилбейт. Өрт техникасы үчүн жолдун үстүнө төшөлүүчү катмардын конструкциясы өрт машинасынын огуна 10 тоннадан кем эмес эсептик салмакка ылайык долбоорлонууга тийиш.
2. Туюк жана жарым-жартылай туюк короолордо өрт автомобилдери үчүн төмөнкүдөй жолдор каралууга тийиш.
Имараттардагы өтмө жаа өткөөлдөрү (аркалар) жазылыгы 3,5 метрден кем эмес, бийиктиги 4,5 метрден кем эмес болуп, ар бир 300 метрден ашпаган аралыкта, ал эми реконструкцияланып жаткан райондордо периметри боюнча курууда ар бир 180 метрден ашпаган аралык жайгашканда кабыл алынат. Калктуу пункттардын тарыхый курулуштарында өтмө жаа өткөөлдөрүнүн (аркалардын) мурдагы өлчөмдөрүн сактоого жол берилет.
3. Машина кирүүчү туюк жолдор өрт техникасы үчүн өлчөмү 15х15 м болгон бурулуу аянтчалары менен аяктоого тийиш. Туюк машина жолдордун эң узуну 150 метрден ашпоого тийиш.
4. Имараттардагы тепкич аянтчалары аркылуу өтүүчү өтмө өткөөлдөрдү бири биринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштыруу зарыл. Имараттар бири бирине бурчтары менен жакындашкан болсо, бет маңдайларынын периметри боюнча өрт гидранттары бар сырткы суу түтүгү орун алган тарабындагы аралык эсепке алынат.
5. Подъезддин стилобатынын жабуусун өрт техникасы өтүш үчүн колдонууда стилобаттын конструкциясы огуна 16 тоннадан кем эмес салмакка эсептелүүгө тийиш.
6. Дарыяларга жана көлмөлөргө өрт техникасы суу алуу үчүн бара турган жолдор каралууга тийиш.
7. Аз кабаттуу турак жай курулуштарынын (бийиктиги 3 кабатка чейин болгон имараттарды кошкондо) пландык чечилиши өрт техникасынын имараттар менен курулмаларга 50 метрден көп эмес аралыкка өтүшүн камсыз кылууга тийиш.
8. Багбанчылык (дача) бирикмелеринин аймактарынын пландык чечилиши өрт техникасынын топторго бириккен бардык бак участкаларына жана жалпы пайдалануу объекттерине өтүшүн камсыз кылууга тийиш.
Багбанчылык (дача) бирикмесинин аймагында көчөнүн машина жүрүүчү бөлүгүнүн кеңдиги 7 метрден кем эмес, машина кирүүчү жолдуку 3,5 метрден кем болбогондо кабыл алынат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-54" title="54-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>