53-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймактарында жарылуу-өрт коркунучу бар объекттерди жайгаштыруу
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өнөр жайлык коопсуздугу тууралуу декларация милдеттүү түрдө иштелип чыгуучу (мындан ары - жарылуу-өрт коркунучу бар объекттер) жарылуу-өрт коркунучу бар заттар жана материалдар алынуучу, пайдаланылуучу, кайра иштетилүүчү, жасалуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу кооптуу өндүрүш объекттери айылдык жана шаардык калктуу конуштардын сыртына жайгаштырылууга тийиш. Эгер бул мүмкүн болбогон же максатка ылайык келбеген учурда, объектинин аймагынын сыртындагы адамдарды, имараттарды жана курулмаларды өрттүн жана (же) жарылуунун коркунучтуу факторлорунан коргоо боюнча чаралар иштелип чыгууга тийиш. Аймагында "А", "Б" жана "В" категорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар жайгашкан башка өндүрүш объекттери айылдык жана шаардык округдардын аймагында да, алардын сыртында да жайгаштырылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн объекттерди айылдык жана шаардык калктуу пункттардын ичинде жайгаштырууда коңшу корголуучу объекттерге өрттүн коркунучтуу факторлорунун мүмкүн болгон таасирлерин, жердин климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн, рельефин, дарыялардын агымынын багытын жана шамалдын көбүрөөк соккон багытын эске алуу зарыл. Мында өндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан "Ф1" - "Ф4" функциялык коркунуч классындагы имараттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралык 50 метрден кем болбоого тийиш. Суюлтулган табигый газ комплекстери калктуу конуштардын шамал сокпогон ылымта жагында жайгашууга тийиш. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оңой жалындоочу суюктуктардын кампалары калктуу пункттардын турак жай зонасынан сыртта, шамалдын багытынан ыктоо, турак жай зонасын көздөй көп сокпогон тарабында жайгашууга тийиш. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оңой жалындоочу суюктуктардын кампаларын куруу үчүн участкалар дарыя агымы боюнча калктуу конуштардын, пристандардын, дарыя бекеттеринин, гидроэлектр станциялардын, кеме оңдоочу жана кеме куруучу уюмдардын, көпүрөлөрдүн жана курулмалардын төмөн жагында, эгер көрсөтүлгөн объекттердин аралыгы атайын техникалык регламент менен андан алыс бекитилген болбосо, 300 метрден кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш. Кампаларды дарыя агымы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн объекттердин жогорку жагында, кампалар кабарлоо жана байланыш каражаттары, ошондой эле өрттү чектөө жана өчүрүү каражаттары менен жабдылган шартта 3000 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырууга жол берилет. Суюлтулган басым алдындагы көмүрсуутектүү газдардын жана оңой жалындоочу суюктуктардын кампаларынын курулмалары коңшу калктуу конуштардын, уюмдардын аймактарына, жалпы тармактагы темир жолдорго салыштырмалуу кыйла төмөн деңгээлде жайгашууга тийиш. Көрсөтүлгөн кампаларды коңшу калктуу конуштардын, уюмдардын аймактарына, жалпы тармактагы темир жолдорго салыштырмалуу кыйла жогорку деңгээлдеги аянтчаларда 300 метрден ашык аралыкта жайгаштырууга жол берилет. 300 метрден аз, бирок 100 метрден жакын эмес аралыкта жайгашкан кампаларда суюктуктун калктуу конуштун, уюмдардын аймагына, жалпы тармактагы темир жолдорго агуусун алдын алуу чаралары (анын ичинде экинчи топурак жалдары, авариялык сыйымдуулуктар, буруп кетүүчү каналдар, траншеялар) көрүлүүгө тийиш. Өндүрүш объекттерин кооптуу өндүрүш объекттерине киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
2. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарды аймактык зоналарга бөлүштүрүүдө турак жай, коомдук-ишкердик, өндүрүштүк зоналардын, инженердик жана транспорттук инфраструктура зоналарынын, айыл чарбада пайдаланылуучу зоналардын, рекреациялык арналыштагы зоналардын, өзгөчө кайтаруудагы аймактардын, атайы арналыштагы, аскердик объекттер жайгашкан зоналардын жана аймактык зоналардын башка түрлөрүнүн ортосундагы жайгаштыруулар жана аралыктар боюнча өрт коопсуздугунун тийиштүү стандарттарында каралган талаптары сакталууга тийиш.
3. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын турак жай, коомдук-ишкердик, рекреациялык зоналардын чегинде аймагында "А", "Б" жана "В" категорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар жок өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жол берилет. Мында өндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан турак жайларга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралык атайын техникалык регламент менен белгиленет.
Адамдарга жана турак жай имараттарына турак жай курулуштарынын чегинде жайгашкан жарылуу-өрт коркунучу бар объекттердеги өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасирин четтетүү мүмкүн болбогон учурда кубаттуулукту азайтуу, ишканалардын же өзүнчө өндүрүштүн профилин кайра өзгөртүү же аны турак жай курулуштарынын чегинен чыгарып кетүү керек.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-53" title="53-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>