2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Ушул Техникалык регламенттин максаттары үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында камтылган негизги түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: авариялык эшик - эвакуация жолуна, түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу эшик (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча эшик катары колдонулат, бирок өрт учурунда адамдарды коопсуз эвакуация кылуу шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана эшиктеринин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт; коопсуз зона - адамдар өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирлеринен корголгон же өрттүн коркунучтуу факторлору жок зона; жарылуу - чөйрөнүн энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон ылдам химиялык айланышы; жарылууга коркунучтуу аралашма - аба менен күйүүчү газдардын, оңой жалындоочу суюктуктардын, күйүүчү чаң же буланын абада тең салмак абалга кыймылсыз бөлүштүрүлгөн абалга өткөндө от алуунун төмөнкү концентрациялык чеги 65 г/куб.м чейин жеткен аралашмасы, ал белгилүү концентрацияда жана жарылууга түрткү берүүчү булак пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү; коргоо объектинин жарылуу-өрт коркунучу - коргоо объектинин жарылуу пайда болуу жана өрттүн өнүгүү ыктымалдыгы менен мүнөздөлгөн абалы; күйүүчү чөйрө - тутануу булагынын таасиринен от алып кетүүгө жөндөмдүү чөйрө; тутануу булагы - күйүүнүн келип чыгышына түрткү болуучу энергиялык таасир этүүчү каражат; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрттүн күчөшүнө жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун пайда болушуна курулуш конструкцияларынын катыш деңгээли менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин функциялык өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин алардын арналышы жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде аларда жүрүүчү өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү; сырткы орнотмо - имараттардын сыртында жайгашкан аппараттардын жана технологиялык жабдуулардын комплекси; эвакуацияга зарыл убакыт - өрт чыккан учурдан баштап өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилбей коркунучсуз зонага эвакуациялануу мезгили; коргоо объекти - өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик жана муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык орнотмолорду, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана бөлөк мүлктөрдү кошкондо); кычкылдандыргычтар - күйүүчү заттар менен реакцияга кирүү, алардын күйүүсүн пайда кылуу, ошондой эле күйүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу жөндөмдүүлүгүнө ээ заттар жана материалдар; өрттүн коркунучтуу факторлору - таасир этүүсү адамдын жаракат алышына, ууланышына же каза болушуна жана (же) материалдык зыянга алып келүүчү өрт факторлору; өрттүн очогу - өрттүн биринчи күйүп баштаган жери; өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн көтөрүп жүрмө же көчмө каражаттары; өрт - материалдык зыян, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтире турган контролдонбогон күйүү; өрт маалымдагыч - өрт жөнүндө белги берүүгө арналган техникалык каражат; өрт кабарлагыч - адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүгө арналган техникалык каражат; коргоо объектинин өрт коркунучтуулугу - коргоо объектинин өрт чыгып кетүү жана өрттүн күчөө ыктымалдуулугу, ошондой эле адамдарга жана материалдардык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсү менен мүнөздөлгөн абалы; заттардын жана материалдардын өрт коркунучтуулугу - заттардын жана материалдардын күйүү жана жарылуу коркунучу; коргоо объектинин өрт коопсуздугу - коргоо объектинин өрт чыгуу жана өрттүн күчөп кетүү ыктымалдыгынын, ошондой эле адамдарга жана материалдардык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлгөн абалы; өрт депосу - өрттөн сактоо кызматына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өрт техникасын сактоо жана аны техникалык тейлөө жайлары, жеке курамды жайгаштыруу үчүн кызмат жайлары, өрт жөнүндө кабарларды кабыл алуучу жай, техникалык жана көмөкчү жайлар жайгашкан өрттөн сактоо объекти; өрт отсеги - имараттын (курулманын) өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрт учурунда өрттүн чектен чыгып таралып кетпешин камсыз кылуучу бөлүгү; заттардын жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучу - заттардын жана материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү; өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар зона - туюк же ачык мейкиндиктин бөлүгү, анын чектеринде күйүүчү заттар дайыма же мезгил-мезгили менен өтүп турат жана алар мында технологиялык процесстин нормалдуу же бузулуу (авария) режиминде болушу мүмкүн; өрт-техникалык изилдөө - өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун табуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жүргүзүлүүчү изилдөө; өрт автоматикасын башкаруу прибору - өрт өчүрүүнүн жана (же) түтүн чыгаруунун, жана (же) кабарлагычтын, жана (же) башка түзүлүштөрдүн автоматтык каражаттарына башкаруу сигналдарын берүүгө арналган техникалык каражат; өрт автоматикасынын кабылдагыч-контролдоо прибору - өрт маалымдагычтардан сигналдарды кабыл алууну, өрт сигналдарынын шлейфинин, окуялардын жарык индикациясынын жана добуш сигналдарынын бүтүндүгүн контролдоону, өрт автоматикасын башкаруу приборун иштетүүнүн баштапкы импульсун калыптандырууну жүзөгө ашыруу үчүн арналган техникалык каражат; конструкциянын отко туруктуулук чеги - от таасир эте баштаган учурдан ошол конструкция үчүн отко туруктуулуктун нормаланган чектик абалдарынын бирине жеткенге чейинки убакыт; өндүрүш объекттери - өнөр жайлык жана айыл чарбалык арналыштагы объекттер, анын ичинде кампалар, инженердик жана транспорт инфраструктурасынын (темир жолдун, автомобиль, аба жана өткөрмө түтүк транспортторунун), байланыштын объекттери; өрткө каршы бөгөт - имараттын (курулманын) бир бөлүгүнөн бөлөк бөлүгүнө же имараттардын (курулмалардын, жашылдандырылган тилкелердин) араларына өрттүн таралышын алдын алууга арналган, имараттын отко туруктуулуктун нормаланган чеги жана конструкциялык курулуш классына ээ көлөмдүү элементи же башка инженердик чечим; өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) - өрттүн таралышынын алдын алуу үчүн белгиленген имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы нормаланган аралык; өрт жөнүндө кабарларды берүү системасы - коргоо объектиндеги өрт жөнүндөгү кабарлоону, кызматтык жана контролдоо-диагностикалык кабарлоолорду байланыш каналдары боюнча берүү жана борборлошкон байкоо жүргүзүү пунктунда кабыл алуу үчүн, ошондой эле (кайра байланышуу каналы бар болсо) телебашкаруу командаларын берүү жана кабыл алуу үчүн арналган бирдиктүү аракеттенүүчү техникалык каражаттардын жыйындысы; өрт сигналдарынын системасы - бир объектке орнотулган жана жалпы өрт постунан контролдонуучу өрт сигналдарынын орнотмолорунун жыйындысы; өрттүн алдын алуу системасы - коргоо объектинде өрттүн келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жойгон уюштуруу иш-чаралары менен техникалык каражаттардын комплекси; өрттөн коргоо системасы - адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоого жана (же) коргоо объектине алардын тийгизген таасирин чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чаралары менен техникалык каражаттардын комплекси; түтүндөн коргоо системасы - өрт учурунда имараттар менен курулмалардын түтөө коркунучун, ошондой эле анын коркунучтуу факторлорунун адамдарга жана материалдык байлыктарга тийгизүүчү таасиринин алдын алууга же чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чаралардын, көлөмдүк-пландоо чечимдеринин, инженердик системалардын жана техникалык каражаттардын комплекси; курулма - көтөргүч, айрым учурларда тоскуч конструкциядан турган жана ар кандай түрдөгү өндүрүш процесстерин аткарууга, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды, сактоого, адамдардын убактылуу турушуна, адамдардын, жүктөрдүн ж.б. орун которуштуруусуна арналган көлөмдүк, жалпак же линиялык, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш системасы; имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко чыдамдуулук деңгээли - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин колдонулуучу курулуш конструкциялардын отко чыдамдуулук чеги менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү; кабарлоонун жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары адамдарга өрт жөнүндө кабарлоого арналган техникалык каражаттардын (кабарлагычтарды башкаруу приборлорунун, өрт кабарлагычтарынын) жыйындысы; технологиялык чөйрө - технологиялык аппаратурада (технологиялык системада) айланган заттар жана материалдар; коргоо объектинин өрттөгү туруктуулугу - коргоо объектинин өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткенде жана алардын экинчи пайда болушунда конструкциялык бүтүндүгүн жана (же) функциялык арналышын сактап калуу касиети; өрт маалымдагычты орнотуу - өрттү табууга, өрт жөнүндө кабарды, атайын маалыматтарды жана (же) өрт өчүрүүчү жана түтүндү чыгаруучу автоматтык орнотмолорду, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы башка коргоо түзүлүштөрүн ишке киргизүү командасын иштеп чыгууга жана тийиштүү түрдө берүүгө арналган техникалык каражаттардын жыйындысы; звакуация - адамдардын аларга өрттүн коркунучтуу факторлору таасир этиши мүмкүн болгон имараттын ичинен сыртка же коопсуз зонага уюшкан түрдө өз алдынча (өз алдынча эмес) жөнөө (баруу) процесси; эвакуациялоо жолу (эвакуация жолу) - өрт учурунда коопсуз эвакуациялоонун талаптарын канааттандырган, адамдарды түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу жол; эвакуациялык эшик - эвакуация жолуна, түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу эшик.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-2" title="2-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>