1-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуунун максаттары жана чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Ушул Техникалык регламент жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, коргоо объекттерине, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга болгон өрт коопсуздугунун жалпы жоболорун белгилейт.
2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ушул Техникалык регламенттин жоболору төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:
курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө; өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган атайын техникалык регламенттерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда, коргоо объекттерине техникалык документтерди иштеп чыгууда.
3. Атайын арналыштагы коргоо объекттерине, анын ичинде аскердик арналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана өндүрүү, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Техникалык регламент менен катар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугунун талаптары да кошумча сакталууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-1" title="1-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>