19-берене. Өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категорияларын аныктоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча өндүрүштүк жана кампа үчүн арналыштагы жайлар функциялык арналышына карабастан, төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- жогорку жарылуу-өрт коркунучу "А";
- жарылуу-өрт коркунучу "Б";
- өрт коркунучу "В1 - В4";
- орточо өрт коркунучу "Г";
- төмөндөтүлгөн өрт коркунучу "Д".
2. Жайлардын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категориялары аппараттардагы жана жайлардагы күйүүчү заттар менен материалдарга, алардын санына жана өрт коркунучунун касиеттерине, ошондой эле жайдын көлөмдүк-пландоо чечимине жана анда жүргүзүлүп жаткан технологиялык процесстердин мүнөздөмөсүнө карай аныкталат.
Жайлардын категорияларын аныктоону алардын категорияларга таандыктыгын эң көп коркунучтуусунан "А"дан эң аз коркунучтуусуна "Д"га карай ырааттуу түрдө текшерүү жолу менен жүзөгө ашыруу керек. "А" категориясына жарылууга коркунучтуу буу-газ-аба аралашмасын пайда кылуучу сандагы жана аралашмалар от алса, жайда жарылуунун 5 кПадан көп эсептик ашыкча басымы келип чыгуучу күйүүчү газдар менен дүрт этүү температурасы 28 Цельсия градусунан төмөн болгон оңой жалындоочу суюктуктар жана (же) суу, абадагы кычкылтек (же) бири-бири менен өз ара аракеттенгенде жайда жарылуунун эсептик ашыкча басымы 5 кПадан ашып кете турган сандагы жарылууга жана күйүүгө жөндөмдүү заттар жана материалдар бар (айланып турган) жайлар кирет. "Б" категориясына жарылуу коркунучу бар чаң-аба же буу-аба аралашмаларын пайда кыла алуучу сандагы күйүүчү чаңдар же булалар, дүрт этүү температурасы 28 Цельсия градусунан жогору болгон оңой жалындоочу суюктуктар, күйүүчү суюктуктар бар (айланып турган) жай кирет, бул аралашмалар жалындаса жайда жарылуунун эсептик ашыкча басымы 5 кПадан ашып кетет. Күйүүчү жана кыйындык менен күйүүчү суюктуктар, күйүүчү катуу жана кыйындык менен күйүүчү заттар жана материалдар (анын ичинде чаңдар жана булалар), суу, абадагы кычкылтек жана бири-бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүгө гана жөндөмдүү заттар жана материалдар бар жайлар "А" жана "Б" категорияларына кирбесе, "В1 - В4" категорияларына кирет. Жайларды "В1", "В2", "В3" же "В4" категорияларына киргизүү көрсөтүлгөн жайлардагы күйүүчү нерселердин санына жана жайгаштыруу ыгына, ошондой эле аны түзүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуу касиеттерине жараша жүзөгө ашырылат. "Г" категориясына иштетүү процесси нур чыгаруучу жылуулук, учкун жана жалын чыгуу менен коштолуучу ысык, абдан кызыган жана эриген абалдагы күйбөөчү заттар жана материалдар жана (же) отун катары жагылуучу же утилдештирилүүчү күйүүчү газдар, суюктуктар жана катуу заттар бар (айланып турган) жайлар кирет. "Д" категориясына күйбөөчү муздак абалдагы заттар жана материалдар бар (айланып турган) жайлар кирет.
3. Өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча имараттардын, курулмалардын категориялары ошол имараттагы, курулмадагы тигил же бул коркунуч категориясындагы жайлардын үлүшүнө жана жалпы аянтына жараша аныкталат.
Эгер имараттагы "А" категориясына таандык жайлардын суммалык аянты бардык жайлардын аянтынын 5%ынан көбүн ээлесе же 200 кв.м көп болсо, анда ал имарат "А" категориясына кирет. Эгер имараттагы "А" категориясына таандык жайлардын суммалык аянты имаратта жайгашкан жайлардын суммалык аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 1000 кв.м көп эмес), ал имарат "А" категориясына кирбейт жана бул жайлар өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса имарат "Б" категориясына кирет: имарат "А" категориясына кирбесе жана "А" жана "Б" категорияларына таандык жайлардын жалпы аянты суммалык жайлардын аянтынын 5%ынан көбүн ээлесе же 200 кв.м көп болсо. Эгер имараттагы "А" жана "Б" категорияларына таандык жайдын жалпы аянты имаратта жайгашкан жайлардын суммалык аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 1000 кв.м), ал имарат "Б" категориясына кирбейт жана бул жай өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса, имарат "В" категориясына кирет: имарат "А" жана "Б" категорияларына кирбесе жана "А", "Б", "В1", "В2" жана "В3" категорияларына таандык жайлардын суммалык аянты бардык жайлардын суммалык аянтынын 5%ынан көбүн (эгер имаратта "А" жана "Б" категорияларына таандык жайлар жок болсо, 10%) ээлесе. Эгер имараттагы "А", "Б", "В1", "В2" жана "В3" категорияларына таандык жайлардын суммалык аянты имаратта жайгашкан бардык жайлардын суммалык аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 3500 кв.м көп эмес), ал имарат "В" категориясына кирбейт жана бул жайлар өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер бир эле мезгилде төмөнкү шарттар аткарылса, имарат "Г" категориясына кирет: имарат "А", "Б" же "В" категорияларына кирбесе жана "А", "Б", "В1", "В2", "В3" жана "Г" категорияларына таандык жайлардын суммалык аянты бардык жайлардын суммалык аянтынын 5%ынан көп болсо. Эгер имараттагы "А", "Б", "В1", "В2", "В3" жана "Г" категорияларына таандык жайлардын жалпы аянты имаратта жайгашкан бардык жайлардын суммалык аянтынын 25%ынан ашпаса (бирок 5000 кв.м көп эмес), ал имарат "Г" категориясына кирбейт жана "А", "Б", "В1", "В2" жана "В3" категорияларындагы жайлар өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору менен жабдылат. Эгер имарат "А", "Б", "В" же "Г" категорияларына кирбесе, ал "Д" категориясына кирет.
4. Имараттарды, өндүрүштүк жана кампа үчүн арналыштагы жайларды өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категорияларга киргизүүнүн классификациялык белгилерин аныктоо атайын техникалык регламент менен белгиленет.
5. Имараттардын, курулмалардын жана өндүрүштүк жана кампа үчүн арналыштагы жайлардын өрт жана жарылуу-өрт коркунучу боюнча категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтүлөт.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-19" title="19-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>