8-берене. Конкурска катышуунун шарттары
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
1. Конкурс ачык болуп саналат.
2. Конкурска катышуу үчүн атаандаштар конкурстук комиссиянын дарегине төмөнкү документтерди беришет:
- белгиленген үлгүдөгү арыз;
- белгиленген үлгүдөгү анкета;
- мамлекеттик мүлктү экономикалык өнүктүрүүнүн бизнес-планы;
- кепилдик мүчөлүк акы төгүлгөнүн ырастаган, аткарылганы жөнүндө банктын белгиси коюлган төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
- баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугун берген лицензиянын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, мамлекеттик монополияга каршы органдын (анын аймактык органынын) макулдугу;
- зарыл болгондо, билдирүүгө тиркелген башка документтер.
Берилген документтердин мыйзамдардын талаптарына жана конкурстун шарттарына ылайыктуулугун аныкташ үчүн зарыл болгондо, комиссия кошумча маалыматтарды суратып алууга, ошондой эле берилген документтерди экспертизага жиберүүгө укуктуу. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн кайсы бир документтин болбогону, конкурска катышууга киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Эгерде катышуучулардын саны экиден аз эмес болсо, конкурс өткөн болуп таанылат.
4. Конкурстун катышуучусу жөнүндө бардык маалыматтар конкурстук комиссиянын жыйналышына чейин жашыруун болуп саналат.
5. Мамлекеттик мүлктү экономикалык өнүктүрүү бизнес-планында чагылдырылган, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эң мыкты шарттарын сунуштаган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
6. Конкурстук комиссиянын жыйналышы аяктагандан кийин протокол түзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурстук комиссиянын курамы;
- конкурска катышуучулар тууралуу маалыматтар;
- конкурстун жыйынтыктары.
Протоколго жыйналышка катышып отурган конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол башкаруунун уюштуруучусу тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-8" title="8-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>