7-берене. Кепилдик мүчөлүк акы
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
1. Кепилдик мүчөлүк акынын өлчөмү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызын түзөт.
Кепилдик мүчөлүк акы төмөнкү учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
- эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- эгерде конкурс болгон эмес деп таанылса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде);
- эгерде атаандаш тарабынан катталган билдирме чакыртып алынса (кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүү мөөнөтү - башкаруунун уюштуруучусу тарабынан конкурстун жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилген учурдан тартып 10 банктык күндүн ичинде).
Кепилдик мүчөлүк акы башкаруучуга башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылганда кайтарылып берилет. Кепилдик мүчөлүк акыны кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары башкаруу келишиминде эскертилет.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-7" title="7-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>