5-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуну тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндө чечимди ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу кабыл алат.
Стратегиялык объекттерге кирген мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруучуну тандап алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Конкурстун уюштуруучусу катары башкаруунун уюштуруучусу чыгат, ал конкурсту өткөрүүнүн күнүн, ордун жана тартибин аныктайт, конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн өз убагында жарыяланышын камсыз кылат.
Конкурстун шарттары башкаруунун уюштуруучусу тарабынан аныкталат жана башкаруунун уюштуруучусунун тиешелүү чечими менен бекитилиши керек.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруучуну тандоо боюнча конкурсту даярдоо жана өткөрүү үчүн башкаруунун уюштуруучусу конкурстук комиссия түзөт.
Конкурстук комиссия мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн, ошондой эле зарыл болгондо тартылуучу эксперттерден түзүлөт. Конкурстук комиссиянын төрагалыгына мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү дайындалат. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 кишиден кем болбошу керек.
4. Конкурстук комиссиянын чечими жыйналышка катышып отурган комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгерде жыйналышка анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, комиссия өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу болот. Добуштар тең болуп калганда, комиссия төрага колдоп добуш берген чечимди кабыл алат.
5. Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү аны өткөрүү күнүнө 30 күн калгандан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>