4-берене. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланышкан укук мамилелери
Күчүн жоготкон · 22.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2018 года № 51.
1. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү экономикалык жактан өнүктүрүүнүн бизнес-планын жана сунуштарды камсыз кылуунун финансылык кепилдиги катары кепилдик төгүмүнүн суммасын же мамлекеттик мүлктүн экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды берет.
2. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет.
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн мөөнөттөрү ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилет. Ишенимдүү башкаруучунун бизнес-планы аткаруунун бир кыйла узак мөөнөттүү убактысын талап кылган учурларда, мурда ишенимдүү башкаруу келишиминде эскертилген, мамлекеттик мүлктү башкарууга берүү мөөнөтү колдонуудагы келишимди узартуу же жаны башкаруу келишимин түзүү жолу менен узартылышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203376/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>