1-берене
Күчүндө · 26.07.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын:
"14-1-статья.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жана чет мамлекеттердин гербдерин же коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын гералдикалык белгилерин бир учурда жайгаштырганда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өлчөмдөрү башка гербдердин (гералдикалык белгилерден) өлчөмдөрүнөн кичине болбошу керек. Мында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби башка гербдерден (гералдикалык белгилерден) төмөн жайгаштырылбайт.".
2. 21-статьянын 1-бөлүгү "аны туруп угушат" деген сөздөрдөн кийин "(эркектер - улуттук баш кийимди, жылаңбаш отуруу сыйлобоо актысы катары каралган диний ынанымдагы адамдардын атайын баш кийимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчыларын жана башка адамдарды албаганда, баш кийимсиз)".
Берененин тексти 26.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203370/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>