Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 130
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын:
"14-1-статья.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин жана чет мамлекеттердин гербдерин же коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын гералдикалык белгилерин бир учурда жайгаштырганда менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин өлчөмдөрү башка гербдердин (гералдикалык белгилерден) өлчөмдөрүнөн кичине болбошу керек. Мында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби башка гербдерден (гералдикалык белгилерден) төмөн жайгаштырылбайт.".
2. 21-статьянын 1-бөлүгү "аны туруп угушат" деген сөздөрдөн кийин "(эркектер - улуттук баш кийимди, жылаңбаш отуруу сыйлобоо актысы катары каралган диний ынанымдагы адамдардын атайын баш кийимин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчыларын жана башка адамдарды албаганда, баш кийимсиз)".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91