1-берене
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
"Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 441-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 6-статьяда: 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 6-пунктта:
- төртүнчү абзацтагы "айылдык" деген сөз алынып салынсын;
- бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункттун алтынчы абзацындагы "айылдык товар өндүрүүчүлөргө" деген сөздөрдөн кийин "айкын жана ачык сооданын негизинде" деген сөздөр менен толукталсын; "сорт сыноочу станцияларга жана участкаларга" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле айыл чарба кооперативдерине" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн.".
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексиКодекс · 18.07.2025 · № 149
- Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 02.06.1999 · № 46 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203359/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>