1-берене
Күчүндө · 15.07.2011 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене "Аппаратынын" деген сөздөн кийин "жана Иш башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
2. 3-беренеде:
биринчи абзацтагы "Мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызмат адамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын" деген сөздөр алып салынсын; мамлекеттик тилдеги текстин экинчи абзацындагы "бюджет жана финансы маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-беренеде:
"Мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызматтагы адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет.".
4. 5-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:".
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203349/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>