1-берене
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат.".
2. 9-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттин менчигиндеги" деген сөздөр алып салынсын.
3. 19-статья күчүн жоготту деп табылсын.
4. 20-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын;".
5. 27-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;".
6. 29-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.".
7. 32-статьянын 4-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр " Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 33-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 39-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзамдардын, жер казынасын иликтөө жана пайдалануудагы стандарттардын (эрежелердин, нормалардын)," деген сөздөр "жер казынасын иликтөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203343/st-1" title="1-берене - "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>