Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР « „Жер казынасы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-09.
КР 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 15-июлундагы № 103 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосуна алынат.".
2. 9-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Мамлекеттин менчигиндеги" деген сөздөр алып салынсын.
3. 19-статья күчүн жоготту деп табылсын.
4. 20-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын;".
5. 27-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жер казынасын изилдөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;".
6. 29-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдар, ошондой эле жер казынасын пайдалануучулар өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде жер казыналарын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.".
7. 32-статьянын 4-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр " Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 33-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 39-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзамдардын, жер казынасын иликтөө жана пайдалануудагы стандарттардын (эрежелердин, нормалардын)," деген сөздөр "жер казынасын иликтөө жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон