Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 14.07.2011 редакциясы
"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 648-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 10-берененин 1-бөлүгү "муниципалдык кызматка кирүүдө" деген сөздөрдөн кийин ", кызматтан көтөрүлүүдө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 24-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:
- Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын) шайлайт;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;
- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;
- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт.";
3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;
- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;".
5. 32-берененин 1-бөлүгүндө "прокуратурасы жүзөгө ашырат" деген сөздөр "прокуратура органдары жүзөгө ашырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 14.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203339/st-1" title="1-берене - "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>