2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Күчүндө · 18.05.2019 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2019 года № 66
1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;
2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;
3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;
4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;
5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;
6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;
7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;
8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;
9) кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүү үчүн долбоордук-сметалык документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте экспертизаларды жасоо;
10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.
2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;
2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;
3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;
4) пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо.
(КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77, 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.05.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 мая 2013 года № 77 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах градостроительного законодательства Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.05.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;
9) кыймылсыз алынып салынды: мүлктүн кошулду: мүлк объекттерин алынып салынды: курууга кошулду: куруу жана башка курулуштук алынып салынды: өзгөртүүлөргө уруксаттарды берүүнү;
кошулду: өзгөртүү үчүн долбоордук-сметалык документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте экспертизаларды жасоо;
10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.
2. … ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;
4) кошулду: пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн алынып салынды: объекттерди пайдаланууга берүүнүн ылайыктуулугуна баа берүүнү.
кошулду: объекттин ылайыктуулугун баалоо.
(КР 2013-жылдын 24-майындагы алынып салынды: №77 Мыйзамынын редакциясына кошулду: N 77, 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203338/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>