Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР 2013-жылдын 24 - майындагы № 77 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-майы № 77 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 998-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. Архитектура-курулуш ишинин, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;
2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;
3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;
4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;
5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;
6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;
7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;
8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;
9) кыймылсыз мүлктүн объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө уруксаттарды берүүнү;
10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.
2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;
2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;
3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;
4) курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга берүүнүн ылайыктуулугуна баа берүүнү.".
3. 15-берененин 2-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2628-V "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 20.12.2012 · № 2628-V
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95