Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Жаратылыштык жана техногендик, антропогендик таасир этүүдөн коопсуздукту камсыз кылуу
Күчүндө · 18.05.2019 редакциясы · 3-глава
1. Архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иштерин жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаратылыштык жана техногендик, антропогендик кубулуштардын жана процесстердин коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүсүнөн калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коопсуздугу боюнча талаптарды камсыз кылуу шарттарынан келип чыгууга тийиш.
Мындай талаптарды аткаруу боюнча чаралар мамлекеттик ченемдик документтер менен жол-жоболоштурулган долбоордук документтерде чагылдырылууга тийиш.
2. Мамлекеттик ченемдик документтер жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын натыйжасында калкты, калктуу конуштарды коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүдөн коргоо боюнча чаралар жөнүндө бөлүктү шаар куруу документацияларга милдеттүү түрдө киргизүүнү алдын ала кароосу зарыл.
3. Техногендик мүнөздөгү, өзгөчө кырдаалдын натыйжасында коркунучтуу (зыяндуу) таасирге тушуккан калктуу конуштар менен аймактар көрсөтүлгөн таасир этүүдөн калкты жана аймактарды коргоо боюнча комплекстүү долбоордук документтер менен камсыз кылуусу зарыл.
4. Жаратылыштык, техногендик, антропогендик мүнөздөгү таасирге тушуккан, калктуу конуштарда болуп жаткан коркунучтуу (зыяндуу) кубулуштардын жана процесстердин мониторингинин натыйжалары базалык деңгээлде мамлекеттик шаар куруу кадастрында чагылдырылат.
Берененин тексти 18.05.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203338/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>