12-берене. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жашоо чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу
Күчүндө · 18.05.2019 редакциясы · 3-глава
1. Жашоо чөйрөсү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык адаптациялануусуна көмөктөнүүсү зарыл.
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак үйлөрдү жана батирлерди кошкондо, тоскоолдуксуз кыймыл-аракет кылууга, имаратка кирүүгө жана ушул объекттердин ичинде иштерин жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлүп берилүүгө тийиш.
2. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, алардын жаш-курагын жана ооруу-сыркоолорун эске алуу менен жашоо чөйрөсүн түзүүдө шаар куруу документацияларда атайын объекттер тармагынын түзүүсү алдын ала каралышы керек.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кызыкчылыктарына тиешелүү шаар куруу документациясы жаатында чечимдерди даярдоого катышуу үчүн коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тартууга тийиш.
Берененин тексти 18.05.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203338/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>