Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 11-июлу № 91
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берененин экинчи абзацындагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 3-берене:
1-бөлүктөгү "мамлекеттик менчикте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "аткаруучу-тескөөчү" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органынын" деген сөздөр "аткаруучу" жана "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-берененин 2-бөлүгүндөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 14-берененин 1-бөлүгүндөгү "мамлекеттик менчиктеги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигиндеги гана" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 16-беренеде:
1-бөлүктөгү "кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүктөгү "жергиликтүү каттоо органдарында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (12)
- Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №3/2 "Уч-Коргон жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылдын бюджетные карата жамааттык планын беитүү…Постановление · 20.02.2017 · № 3/2
- Yч-Коргон айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-августундагы № 12/4 "Yч-Коргон жайыт комитетинин 2014-жылда аткаргана иштери жана 2015-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитγγ…Постановление · 08.08.2016 · № 12/4
- Уч-Коргон айылдык кенешинин2018-жылдын 27-декабрындагы № 16/3 "Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-жылда аткараган иштери жана 2019-жылдын бюджетине карата жамааттык…Постановление · 27.12.2018 · № 16/3
- Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2016-жылдын 14-мартындагы №22/3 "Уч-Коргон жайыт комитенин 2015-жылда аткарган иштери жана 2016-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитуу…Постановление · 14.03.2016 · № 22/3
- Миң-куш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-февралындагы № 4 (Миңкуш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчетун угуу, курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлунун №…Постановление · 26.02.2013 · № 4
- Уч-Коргон айылдык кенешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 9/3 "Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү…Постановление · 11.04.2018 · № 9/3
- Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 17-августундагы № 23 "Жалпак-Таш айыл аймагынын ички жана тышкы жайыттарга болгон ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2016 · № 23
- Кеңеш айыл кеңешинин 2016-жылдын.23-августундагы №10 "Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Арзыбаев Мукаштын арызы жөнүндө"токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 10
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 19-февралындагы № 38/4 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн…Постановление · 18.02.2016 · № 38/4
- Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 13-февралындагы № 3/4 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Жайыт комитетинин…Постановление · 13.02.2017 · № 3/4
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон