Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 34
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;
2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;
4) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү алууга;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;
6) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда пенсиялык топтоолорду алууга;
7) пенсиялык топтоо фондунун иш-аракеттерин соттук тартипте даттанууга;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.
2. Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир гана пенсиялык фондго төлөөнү жүзөгө ашырууга;
3) Соцфонд тарабынан милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен бардык өзгөртүүлөр тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирүүгө.
(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2025-жылдын 18-июнундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестировании средств для финансирования накопительной части пенсии по государственному социальному страхованию в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду…Постановление · 11.09.2025 · № 578
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу…Постановление · 29.03.2019 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 552 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо…Постановление · 17.10.2019 · № 552
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 "Кыргыз…Постановление · 13.04.2026 · № 244
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>