Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 «Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-октябры № 552 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Жарандардын топтолгон пенсиялык каражаттарын инвестициялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябрындагы № 717 "Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Топтолгон пенсияны бир топтомо пенсиялык фонддон башка топтомо пенсиялык фондго же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна которуу тартибинде:
- 12-пунктунун:
биринчи абзацындагы "берүү" деген сөз "өзү берет же почта аркылуу жиберет" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- камсыздандырылган адам - Жөнөтүүчү фонддун турган жери боюнча;";
- 16-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Камсыздандырылган адамдын топтолгон пенсиясын которуу жөнүндө арызы канааттандырылгандан кийин Жөнөтүүчү фонд топтолгон пенсиялык каражаттардын которулгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 91 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2015 года № 717 "Об утверждении Порядка перевода пенсионных накоплений из одного накопительного пенсионного фонда в другой…Постановление · 20.10.2015 · № 717
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөЗакон · 04.07.2011 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон