45-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 20 июля 2017 года № 136
45-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 45-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылуу максатында Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберүүгө же төмөнкү формалардын биринде көрүнүүчү бузуунун ар бир учуру үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартууга жол берилет:
1) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөткөндүк;
2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык палатанын талаптарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбай койгондук же өз убагында аткарбагандык;
3) Конституциялык палатага жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондук же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбегендик;
4) Конституциялык палатанын жыйналышынын тартибин бузгандык, Конституциялык палатанын судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык палатада кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин этибарга албагандык;
5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз алдынча бузгандык;
6) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.
2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынын процессинде айкындалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык палатанын протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат.
3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.
4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттө айыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык палатанын айып салуу жөнүндө аныктамасы аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык аткартылат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 136 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-45" title="45-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>