44-берене. Конституциялык палатанын жыйналышынын протоколу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатанын жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт.
2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) сот жыйналышынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө;
2) иштин аталышы жөнүндө;
3) ишти карап жаткан судьялардын курамы жөнүндө;
4) жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;
5) күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;
6) тараптардын түшүнүктөрү;
7) күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, эксперттердин корутундулары, аларга берилген суроолор жана аларга жооптор;
8) сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык иш аракеттер жөнүндө, алар кандай болуп өткөн иретте;
9) сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судьялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн натыйжалары жөнүндө.
3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн, стенографияны жана техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдонулушу жөнүндө жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.
Иштин материалдарына протокол жана сот тарабынан колдонулган техникалык каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.
4. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен таризделүүгө тийиш.
Протоколго Конституциялык палатанын төрагалык кылуучусу жана судья-катчысы тарабынан кол коюлат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-44" title="44-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>