36-берене. Судьянын (судьялардын) өзүнүн катышуусун алуу жана анын (алардын) катышуусун алдыруу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Конституциялык палатанын судьясы конституциялык сот өндүрүшүнүн кайсы гана этабында болбосун өзүнүн катышуусун алууну төмөнкү учурларда билдирүүгө милдеттүү:
1) эгерде судья кароонун предмети болуп саналган актыны кабыл алууга мурда кызмат абалына байланыштуу катышса;
2) эгерде ишти чечүүдө судьянын объективдүүлүгү сот өндүрүшүнүн катышуучулары менен туугандык же башка жеке байланыштардан улам күмөн саноого алып келиши мүмкүн болсо;
3) эгерде анын адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына таасир тийгизиши мүмкүн болгон башка олуттуу жагдайлар болсо.
Ушул эле негиздер боюнча тараптар судьянын (судьялардын) катышуусун алдырууну билдирүүгө укуктуу.
2. Тараптардын өтүнүчү боюнча, Конституциялык палата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо, катышуудан баш тартуу жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин анын катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө жүйөөлүү аныктама чыгарат.
Мында бул ишти кароо үчүн кворумдун бузулушуна алып келсе, анда судьянын (судьялардын) өзү катышуудан баш тартууга (анын (алардын) катышуудан баш тартууга) жол берилбейт, ал жөнүндө Конституциялык палата аныктама чыгарат.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-36" title="36-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>