35-берене. Конституциялык палатада каралуучу укуктун айрым маселелери боюнча башка жактардын катышуусу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 133.
1. Жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдар Конституциялык палатада каралуучу конкреттүү иште укуктун айрым маселелери боюнча өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, жүйөөлөрүн жана ой-пикирлерин берүүгө укуктуу. Мында Конституциялык палата алардын жүйөөлөрүнө жана ой-пикирлерине байланбайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттердин жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү, жүйөөлөрү жана ой-пикирлери аталган субъекттер чагылдыргысы келген укук маселелеринин тизмеси, ошондой эле аталган маселелерде алардын компетенттүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат камтылууга тийиш.
Судья-баяндамачы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттерге өз демилгеси боюнча кайрылууга укуктуу.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203281/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>