Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугунун мониторинги
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун коопсуздугу жана суу тазалоонун натыйжалуулугу жөнүндө маалымат алуу максатында керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суунун мониторингин жүзөгө ашырат.
2. Ичүүчү суунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча изилдөөлөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулган системаларынан ушул Мыйзамдын 5-тиркемесине ылайык;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулбаган системаларынан ушул Мыйзамдын 2-тиркемесине ылайык.
3. Ичүүчү сууну текшерүүгө алуу жана изилдөө жыл ичинде системалуу жүргүзүлөт.
4. Ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүү программасы чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 2, 5 жана 6-тиркемелерине ылайык саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат.
5. Ичүүчү сууда ченемдик көрсөткүчтөрү белгиленбеген, адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу заттар же микроорганизмдер бар экени жөнүндө негиздүү күмөн пайда болгондо сууну кошумча текшерүү жүргүзүлөт.
6. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге жана усулдарга ылайык ичүүчү сууга лабораториялык изилдөө жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого милдеттүү.
7. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө талаш маселелерди чечүү үчүн көз каранды эмес аккредиттелген лабораторияларда изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-17" title="17-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>