15-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк (ички) контролдоо
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Өндүрүштүк контролдоо ичүүчү сууну өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү процессинде тобокелдикти баалоонун натыйжалары боюнча ичүүчү суунун адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу таасиринин алдын алуу максатында чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо программасы жергиликтүү шарттарды эске алуу менен чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактар тарабынан иштелип чыгат жана өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү этаптарында жүзөгө ашырылат жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
3. Өндүрүштүк контролдоо программасы сууну текшерүүгө алуучу жерлерди жана мезгилдүүлүгүн, талдоого алынуучу көрсөткүчтөрдүн түрлөрүн жана тизмегин белгилейт. Сууну текшерүүгө алуунун көрсөткүчтөрүнүн түрү жана мезгилдүүлүгү ушул Мыйзамдын 3, 4, 6 жана 7-тиркемелеринде белгиленген талаптарды эске алуу менен аныкталат.
4. Ичүүчү суунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрүнүн контролдонуучу тизмеги суу даярдоонун технологиясын пайдалануучу ичүүчү суу менен камсыздоо булагынын санитардык ишенимдүүлүгүнө жараша белгиленет.
5. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын эксплуатациялоочу жеке жана юридикалык жактардын лабораториясы же башка лабораториялар тарабынан камсыз кылынат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-15" title="15-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>