11-берене. Борбордоштурулган жана автономдуу суу менен камсыздоо булактарына, булактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарына талаптар
Күчүндө · 28.04.2017 редакциясы
1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системалары үчүн булакты тандоо керектөөчүлөрдү жетишээрлик өлчөмдөгү коопсуз ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоо, суу булактарын санитардык коргоо жана суу менен камсыздоо системаларынын технологиялык ишенимдүүлүк принциптерине негизденет.
2. Борбордоштурулган жана автономдуу чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн булактардын жарактуулугу ушул Мыйзамдын 3, 4-тиркемелерине ылайык белгиленет.
3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо коопсуздук боюнча талаптарга ылайык келүүчү ичүүчү сууну камылгалаган ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы колдонулуп жаткан технологиялардын эң мыктысы, прогрессивдүү техникалык чечимдер, технологиялык процесстерди автоматташтыруулар пайдаланылышы керек.
4. Ичүүчү сууну даярдоонун технологиялык схемаларын тандоого жана негиздөөгө талаптар суу түтүктөрүн пайдалануунун эсептелген мөөнөтүндө, суу булактарында суунун курамынын өзгөрүшүн болжолдуу баалоого жана салыштырылуучу технологиялардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша белгиленет.
5. Ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын жана системаларын булгануудан коргоо санитардык коргоо зоналарын уюштуруу менен камсыз кылынат. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары суу объектисин пайдаланууга санитардык коргоо зонасын белгилемейинче жол берилбейт.
6. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык коргоо зоналары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7. Суу менен камсыз кылуу булактарын жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында режимдин чектери жана өзгөчөлүктөрү суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарынын долбооруна ылайык белгиленет.
8. Булактарды жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүчү адамдар суу булагынын булганышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 28.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203278/st-11" title="11-берене - Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>